Биз менен байланышыңыз

Расул Гамзатов: Мен Дагестанымдын өз кабарчысымын!  

Блог | 21 Янв 2019 | 1832 | 1

Бүгүн «КИТЕП ТЕКЧЕМЕ» үӊүлдүм… Студент жылдардан бери кайра- кайра окуп, окуган сайын жыргап күлүп, анан ошол саам мүшөккө тыгылган таш сыяктанган тоолору бар, жери аз, ысыкка какталып жаткан белгисиз Дагстанды көргүм келип, куштарланган жайым бар. Гамзаттын уулу Расул Дагстандын тоолуктарын, алардын салт- санаасын, турмуш- тирлигин анан да карапайым бапак кийген мекендешинин кулк- мүнөзүн, сүйлөгөн сөзүн жазып олтуруп, китеп менен бүтүн Дагстанга эстелик коюп кеткен калемгер.

Бул китепти акын, жазуучу Аман Токтогулов укмуш которгон. Мүмкүн ошол себеп кыргыз тургай, орусча анчейин билбеген авар тилинин өкүлү Р. Гамзатовду көбү кыргыз экен деп ойлойт. Мен да ошентип ойлогом. Ал тоолук мүнөз акын. Ал эми кыргыздар тоодо төрөлгөн, тоодой тагдыр күткөн анан да өмүр боюу тоо пейил күтүп, акырында тоодой болуп өлө алган эл болгон үчүн муну жакшы түшүнөт.

Китептин ар бир жеринен мен ат жалында ойногон кыргыздын жигиттерин, өз салтын кармана билген кыргыз карыясын анан жасалмасыз улуулугу тулку боюна сиӊген кыргыз жашоосундагы чындыктарга окшогон кызыктардарды өтө арбын кезиктирем. Жазуучу өз заманындагы тирукмуш идеялогиянын элегинен аман- эсен өткөндүгү менен мыкты. Анан да улутту даӊктаган адам «улутчул» деп куугунтукталып турган кызык доордо жашап туруп, тоолуу Дагстандагы 70 түтүн Цада айылындагы «байлыктын» болгонун болгондой жазганы үчүн акын- эл уулудур.

Сөз куру болбош үчүн китептен кыскача үзүндү келтирейин:

— Канжарды керексиз жерде сууруба. Кокус суурудуӊбу- ур! Урганда да, бир шилтегенде өзүн да, атын да жайлагандай кылып ур!- деген кеп бар тоолуктарда.

— Эркек дегениӊ эки гана учурда тизелеп бүгүлүшү мүмкүн: башаттан суу ичкенде бир, гүлдү үзүү үчүн бир.

— Тагдыр мени кай тарапка гана ыргытып таштабасын, өзүмдүн борбоюмду көтөрүп, ат токуганга үйрөнгөн жерим- тоолордун, айылдардын өкүлүмүн деп эсептеймин. Баардык жерде өзүмдү Дагстанымдын өз кабарчысы деп сеземин.

— Бапакка карап баш тандалбайт, башыӊызга карап бапак аласыз.

—  Кудай балаӊды өзүӊ сүйлөгөн тилден айырсын!- деп бир аял бөлөк бир аялды каргаган экен.

— Ооба, мен эне тилин кичине, жарды деп чанып, башка мындан чоӊ, бай тил издеп кеткен ушундай адамдарды көрдүм. А бирок аягы келип, баягы авар жомогундагы: карышкырдыкындай куйрук күтчүмүн деп токойго барып, мүйүзүнөн ажырап кайткан эчкиге окшоп калды.

— Дайым кында жата берсе канжарды дат басат.

Дайым үйдө жата берсе жигитти май басат.

— «Кийим жаманды жакшы кылат, жакшы ат коркокту эр кылат»,- деген кеп бар тоолуктарда. Бул минтип шаӊдуу айтылганы менен, сага саал жете бербейт. Баатыр сөзсүз эле жолборс терисин жамыныш керек бекен. Кээде көк сооттун ары жагында коркок жүрөк түрсүлдөп жүргөнү жалганбы?

— Бүркүттү бүркүт десек, бул- реализм, корозду бүркүт десек, анда- романтизм.

— Ары сүзүп баратканда, бери келээриӊди ойло. Дагы айтышат, кызыл ашыгыӊан суу турса, тизеӊен өйдө шым түрбө деп.

— Биринчи орунга өз элиӊдин кулк- мүнөзүн коюшуӊ керек. Сен баарыдан мурун тоолуксуӊ, аварсыӊ, анан гана барып Расул Гамзатовсуӊ. Атам экөөбүздүн ортобузда бир жолу ушундай  кеп болгон эле. Менин андан кийинки өмүрүм, андан кийинки бүткүл жолдорум атамдын айтканынын туура экенине күбө өтүп келе атат.

— Үйдүн жүрөгү- от, айылдын жүрөгү- башат,- деп апам көп айтаар эле.

— Улуту үчүн кам көрбөгөн адам, калган дүйнөгө деле кам көрүп жарытпайт,- деп атамдын айтканы бар.

— Тилди тууган жердей сактоо керек,- деп айтты Шамил.

Ал эми окурман катары мени акын жана жазуучу Расул Гамзатовдун бүркүттөргө байланышкан сөзү абдан таасирлентет. – Ырларымда бүркүт деген сөздү колдонгонум үчүн мени көп ирет сындашты. Бардык канаттуунун ичинен мага бул куш айрыкча жагат экен- эмне кылам. Калган куш- парандалар качан көрсөӊ дан талашып, чыркырашып, тегерегиӊен чыкпайт, бүркүттөр бийикте жүрөт, ыраака учат. Шаӊшыган ачык, бийик үндөрүн айт. Калган куштар суук болду дегиче Дагстанды шарт таштап, бөтөн жерге чаап жөнөшөт. Бүркүттөр ушул жердин ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, ок менен атып жатса да өзү мекендеген чокуларын таштабайт. Бийик аска- зоока болсо бүркүт аска деп аташат бизде.

Автор «Менин Дагстаным» китеби аркылуу дүйнөдөгү бардык тоолуктарга чакырык кылат. Илим- техниканын гүлдөп турган заманында да, тоолуктар өз кыртышында өнө албаса, алардын келечеги бүдөмүк, жасалмалуу анан комсоо, ишенимсиз боюнча кала берет…

Журналист: Жазгүл Жамангулова

1 пикир

1 пикир

  1. Махабат

    22.01.2019 18:41

    Эң сонун сөздөр экен.Чыныгы кыргыздарга тийешелүү акылман сөздөрдү айтыптыр.Айрыкча,Бапакка карап баш тандабайт,башка карап бапах тандайт деген сөзү эле не деген керемет сөз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM