Биз менен байланышыңыз

Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишин карайт

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 570 | 0

Бүгүн, 21-январда элдик табып Хашим Зайналиевдин иши Октябрь райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирген.

Хашим Зайналиев “алдамчылык” беренеси боюнча айыпталып, №1 убактылуу кармоочу жайга камалган. Өткөн жылдын ноябрь айында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда кыз түшкөн. Кийинчерээк ал кызды ата-энеси дарылоонун ордуна, табыпка алып барып жүргөнү аныкталып, анын кесепетинен кыздын абалы оорлошконун дарыгерлер айтып чыгышкан.

Буга чейин Зайналиевге карата нааразычылыктар болгону менен, ага карата иш козголбой келген. Анткени жабырлануучулар тарабынан арыз жазылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM