Биз менен байланышыңыз

Митинг: 3 миң сом айыпка жыгылгандар сотко кайрылат

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 415 | 0

Бишкекте митинг учурунда кармалып, 3 миң сомдон айыпка жыгылгандар сотко кайрылышат.  Бул тууралуу  «Кырк чоро» бирикмесинин өкүлдөрү  кабарлады.

Митинг учурунда аталган бирикменин өкүлү Бактыбек Нуралы уулу да кармалып бир айдын аралыгында айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Бирок ал буга макул эместигин билдирип, бүгүн, 21-январда Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрыла турганын айтты.

Эске салсак, 17-январда Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өткөн. Анын аягында мыйзам бузду деген негизде чогулган элдин айрымдарын милиция кармап кеткен. Жалпы 21 адам Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM