Биз менен байланышыңыз

2018-жылы экономикалык маселелерге 15,4 млрд сом коротулду

Кыска кабар | 19 Янв 2019 | 624 | 0

2018-жылы “экономикалык чыгымдар” беренеси боюнча 15 млрд 448 млн 894,46 миң сом коротулган. Мындай маалыматтар ачык бюджет порталында жазылат.

Бул сумманын ичинен республикалык бюджетке 14 млрд 514 млн 489,11 миң сом туура келсе, жергиликтүү бюджетке 934 млн 405,35 миң сом туура келет.

Эң көп чыгымдар имараттарга, аларды камсыздоого кеткен. Ал жалпысынан 6 млрд 64 млн 953,66 миң сомду түзгөн. Айлык акылар үчүн 2 млрд 292 млн 128,14 миң сом кеткен. Ал эми насыяларга 1 млрд 650 млн сом коротулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM