Биз менен байланышыңыз

Айыл чарбасын кайра иштетүүчүлөргө жеңилдик берген мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 19 Янв 2019 | 739 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун максаты — айыл чарба (өсүмдүк, мал чарбачылык, канаттуулар, аарычылык), балык чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө жана аларды кайра иштеткендерге жеңилдетилген кредиттерди берүү маселелерин жөнгө салуу.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM