Айыл чарба өндүрүшү 2,7% өстү. Бул боюнча Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Өсүү көбүнесе дыйканчылыктын эсебинен болгон. Маселен, жүгөрү 6%, мөмө-жемиш 4,8%, дан өсүмдүктөрү 3,9%, буудай 2,5%, жер жемиш 2,4%, картошка 2,2%. Ал эми мал чарбачылыкта 2,2% өсүү байкалган. Эт багытында 2,1%, сүт 2,2% жана жумуртка багытында 4,4% өсүү байкалган.