Биз менен байланышыңыз

Эки жаштагы баланы урду деп айыпталган аял камакка алынды

Кыска кабар | 19 Янв 2019 | 989 | 0

2018-жылдын декабрь айында жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган эки жаштагы баланын апасынын курбусу убактылуу кармоочу жайга камалды. Маалыматка ылайык, Панфилов райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди.

33 жаштагы аялга Кылмыш кодексинин “Атайылап ден соолукка зыян келтирүү” беренеси боюнча айыпталган. Экспертизалардын жыйынтыгында бала аны уруп-сабоодон чарчап калгандыгы далилденди. Бирок айыпталуучу баланы урбагандыгын, бала керебеттен кулагандыгын айтып келет.

Эске салсак, эки жаштагы баланын энеси аны курбусуна таштап, өзү иштөө үчүн Орусияга кетип калат. Ага баласы оор абалда ооруканага тушкөнү жөнүндө айтылганда, ал Кыргызстанга кайтып келген. Бирок курбусуна карата арыз жазган эмес.

Белгилей кетсек, балдарга карата зордук-зомбулук жасалган бул жалгыз учур эмес. 2015-жылдын январь айында эки жаштагы Ибрагим да оор абалда ооруканага түшкөн. Маалыматтар боюнча ал майып болуп калганы кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM