Биз менен байланышыңыз

Хашим Зайналиевдин иши 21-январда каралат

Кыска кабар | 19 Янв 2019 | 633 | 0

Элдик табып Хашим Зайналиевдин иши 21-январда Октябрь райондук сотунда каралат. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Хашим Зайналиев №1 убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал адамчылык боюнча кармалган. Өткөн жылдын ноябрь айында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда кыз түшкөн. Кийинчерээк ал кызды ата-энеси дарылоонун ордуна, табыпка алып барып жүргөнү аныкталып, анын кесепетинен кыздын абалы оорлошконун дарыгерлер айтып чыгышкан.

Буга чейин Х.Зайналиевге карата нааразычылыктар болгону менен, ага карата иш козголбой келген. Анткени жабырлануучулар тарабынан арыз жазылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM