Биз менен байланышыңыз

Лука Модрич «жылдын мыкты спортчусу» наамына талапкер

Кыска кабар , Спорт | 18 Янв 2019 | 617 | 0

Laureus World Sports Awards версиясы боюнча «Реал Мадрид» футболдук клубунун жарым коргоочусу, хорватиялык футболчу Лука Модрич «жылдын мыкты спортчусу» наамына талапкер 6 спортчунун катарында. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн сайтына жарыялады.

33 жаштагы футболчу «падышалар» клубу менен бирге Чемпиондор лигасын утуп, Хорватия курамасы менен дүйнө биринчилигинин финалына чыккан.

Модричтен сырткары бул наамга ПСЖ футболдук клубунун чабуулчусу Клиан Мбаппе, «формула 1» сопртчусу Льюис Хэмилтон, тенисчи Новак Жокович, баскетболчу Леброн Жеймс жана марафончу Элиуд Кипчоге талапкер. Жеңүүчүнү сыйлоо аземи 18-ноябрда, Монакодо өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM