Биз менен байланышыңыз

Таза сууга муктаж айылдардын тизмеси ачык түзүлөт

Күн чабыт | 15 Янв 2019 | 1398 | 0

2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди. Ал үчүн өлкө аймактарындагы таза суу жетпеген айылдар кайра такталып чыгары кабарланды.

Таза суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевден маалымат алдык.

Марал: Бүгүнкү күндө канча айыл таза сууга муктаж? Эл аралык донорлордон берилген акча канча айылдын көйгөйүн чечүүгө жетет?

Аскарбек Токтошев: Өлкө боюнча таза сууга жетпеген 653 айыл бар. Анын ичинен 390 айылда такыр суу киргизилген эмес эле, бирок бул сан улам азайтылып жатат. Президент менен болгон жолугушууда ичүүчү сууга муктаж айылдардын тизмесин кайрадан түзүүнү тапшырды. Ар бир облус, район, айыл өкмөтү боюнча карта түзүүнүн үстүндө иштеп баштадык.

Марал: Таза сууга муктаж айылдардын тизмесин түзүү канчалык ачык-айкын болот? Себеби ар ким өзүнүн айылы же өзүнүн районуна таза суу чыгарып калууга аракет кылган учурларды билебиз.

Аскарбек Токтошев: Туура, мындай учурлар болуп келген. Ошол себептен биз такталып жаткан айылдар тууралуу маалыматтардын баарын сайтка жайгаштырабыз. Президент да ачык-айкындыкка маани берүүгө, мурунку каталарды кайталабоого чакырды.

Бүгүнкү күндө Талас облусунда 11 айылда мурунтан эле суу түтүктөрү курулган эмес. Ага 60 млн доллар тартып жатабыз. Бул каражатка облустагы башка дагы 30 айыл камтылат. Бул долбоордун үстүнөн ноябрь айында консультанттар келип иштей баштайт.

Нарын облусунда 24 айылда таза суу маселеси чечилген эмес. Анда 42 айылды камтыган ири долбоор ишке киришүүдө. Ал боюнча конкреттүү аракеттер башталды.

Баткенде 50 айылда таза суу жок. Учурда облустун 61 айылын камтыган Ислам өнүктүрүү банкынын долбоору ишке ашат.

Эң көйгөйлүү аймак бул Жалал-Абад облусу. Анда 179 айылда таза суу жок эле, азыр 148ге азайды. Анда советтер союзу мезгилинен бери эле суу түтүктөрү курулган эмес.

Чүй облусунда 4 айылда гана таза суу жок, калган айылдарда суу түтүктөрү эскирип кеткен, аларды жаңылоо керек. Ысык-Көлдө 8 айылда суу жок, башка айылдардагы шаймандар эскирип калган.

Марал: Бул айылдардын таза суу маселесин толук чечүүгө толук канча убакыт керектелет?

Аскарбек Токтошев: Азыр президент 5 жылдык убакытта таза суу маселесин чечүү тапшырмасын койду. Биз муну аткарабыз. Мына, азыркы күндө Арап өлкөлөрүнөн келген кайрымдуулук фонддору да колдоо көрсөтүүдө. Алардан 429 млн 900 миң сом акча сарпталыптыр. Буга 171 айылда таза суу маселеси чечилди. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчага 43 айыл тизмеге кирди. Демек, потенциал бар.

Марал: Мамлекеттик бюджеттен 350 млн сом каралган, бул каражатка канча айылдагы таза суу маселеси чечилет?

Аскарбек Токтошев: 350 млн сомго 2016-жылдан баштап 89 айылды таза сууга кошуу аракети көрүлүүдө. Анын негизинзде жылына акча бөлүнүп, улам иштер бүтүп келе жатат. Кийинки жылга 65 айыл кирген, быйыл ошонун 34 үн бүтүрөбүз. Бул айылдарда жөн эле түтүк чыгарылып койгон жок, үйлөрүнө чейин киргизип берип жатабыз.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM