Биз менен байланышыңыз

Хоккей боюнча 2020-жылга пландалган дүйнө кубогу өткөрүлбөйт

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2019 | 526 | 0

Хоккей боюнча 2020-жылга пландалган дүйнө кубогу өткөрүлбөйт. Бул туурасында Улуттук хоккей лигасы, Улуттук хоккей лигасынын оюнчуларынын Ассоциациясы  менен биргеликте билдирди.

“Оюнчулардын Ассоциациясы жана Лига, Торонтода иштиктүү жыйын өткөрдү. Эки тарап биргеликте 2020-жылдын күз айларына өткөрүлүүчү дүйнө кубогуна даярданууга кечиккенибизге байланыштуу аны жылдырууну чечтик”,-деп жазылган Улуттук хоккей лигасынын маалымат-кызматынынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө эки тарап дүйнө кубогун өткөрүүгө сүйлөшүүлөрүн улантарын жазган.

Кошумчалай кетсек хоккей боюнча дүйнө кубогу акыркы жолу 2016 жылы Канаданын Торонто шаарында өткөн. Мелдештин жыйынтыгнда Канада курамасы жеңүүчү аталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM