Биз менен байланышыңыз

Неймар дүйнөдөгү эң кымбат футболчу

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2019 | 552 | 0

Бразилия улуттук курамасынын капитаны 26 жаштагы Неймар дүйнөдөгү эң кымбат футболчу. Бул тууралуу KPMG Football Benchmark интерактивдүү платформасынын  тизмесине таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык Неймар 229 миллион еврого бааланган.

ПСЖ клубунун дагы бир чабуулчусу, Франция курамасынын оюнчусу Клиан Мбаппе 215 миллион еврого бааланып экинчиде жана 203 миллион еврого бааланган Лионель Месси үчүнчүдө.

Ошондой эле биринчи бештикке 203 миллион еврого бааланган египеттик Мохамед Салах жана 151 миллион еврого бааланган “Тоттенхем” футболдуку клубунун чабуулчусу, англиялык футболчу Гарри Кейн

Кирген. Ал эми “Ювентус” клубунун чабуулчусу 33 жаштагы Криштиану Роналду бул тизмеде 12-орунда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM