Биз менен байланышыңыз

60 кыргызстандык кытай жарандарына турмушка чыккан

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 477 | 0

2018-жылы Кытай жарандарына болгону 60 кыргызстандык турмушка чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, бул сандар расмий статистикадан алынган жана ишенимдүү болуп эсептелинет.

Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөттүн бул боюнча элге өз убагында үн катпаганынан улам коомчулук дүрбөлөңгө түшүп жатканын белгиледи.

“Бул маалымат менен мурдараак бөлүшүүгө эмне тоскоол болду? Интернет булактарында 60 миң кыз кытай жарандарына турмушка чыкканы жарыяланып жатат. Ушундан улам элдер митинге чыгып жатышат”,- деп кошумчалады депутат Жамалдинов.

Кошумчалай кетсек, митинге чыккандар кыргыз кыздарын Кытай жарандарына бербөөнү да талап кылышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM