Биз менен байланышыңыз

Жунусов Өзбекстандагы этникалык кыргыздардан кабар алды

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 1080 | 0

Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын Жизак облусуна иш сапары менен барды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анда ал Манас айылындагы этникалык кыргыздар менен жолугушуп, аларга мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Иш сапарында Жунусов Жизак облусунун акими Г. Маматкулов менен жолугушуп, экономика, маданият, туризм жана башка тармактарда кызматташуу боюнча сүйлөштү.

Ошондой эле Манас айылына барып, “Обод кишлок” долбоорунун негизинде жаңыланып жаткан айылдагы бир катар социалдык курулуштар менен таанышты. Андан соң №5 мектептеги кыргыз тилинде өткөрүлгөн ачык сабактарга катышты.

Жолугушуу майрамдык концерт менен аяктады.

Эске салсак, Ибрагим Жунусов 2018-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы  элчиси болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM