Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министринин Норвегиядагы сапары аяктады

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 562 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 14-16-январда Норвегияга болгон иш сапарында мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү жана ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда суу, энергетика, айыл-чарбасы, мал-чарбасы, токой чарбасы жана жаратылыш ресурстары боюнча иш алып барган ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

NORCONSULT компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда Кыргызстандын жылуулук сектору боюнча сөз болуп, алдыда Кыргызстанга майда ГЭСтерди курууну талкуулашты.

Айдарбеков эки өлкөдөгү географиялык жана климаттык окшоштуктар бул тармактарда чогуу иш алып барууга ыңгайлуу шарт түзөрүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM