Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жеңишин Орто Азиялык күйөрмандар да куттуктоодо

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2019 | 1731 | 0

Коңшу мамлекеттин футбол сүйүүчүлөрү «Орто Азия финалга» — деген ураан менен кыргыз футболчуларына ийгилик каалап, билдирүү жасашууда.

Азия кубогунда Кыргызстан менен Филиппин курамалары беттешип, Кыргызстан ал өлкөнү 3:1 эсебинде утуп, 1/8 финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Интернет айдыңында Өзбекстан, Казакстандын жарандары Кыргызстанды бул тарыхый жеңиши менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстан Азия кубогунун финалына чыкса деген каалоолорун айтышууда.

Алсак, Фахриддин Абизов аттуу колдонуучу: “Азаматсыңар кошуналар, Өзбекстан-Кыргызстан финалын күтөбүз» — деп жазган.

«Азаматсынар, сөз жок, мыкты оюн, Люкс “арстан”, Кичин “бетон” — деген комментарийин Бехруз Парманов калтырган.

«Боордошум силер үчүн чын жүрөктөн кубануудамын, АЛГА КЫРГЫЗСТАН!»-деген тилегин Казакстандык Агзам Текенов жазган.

Орусиялык Милан ФК аттуу колдонуучу»: “Кыргыздар азаматсынар, керемет оюн” — деп жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM