Биз менен байланышыңыз

Байматов Ильзат Ахметовду Кыргызстан үчүн ойноого чакырды

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2019 | 2220 | 0

Кыргызстандын белгилүү футболчуларын бири Азамат Байматов, Instagram баракчасына жүктөгөн видеосунда Кыргызстанда төрөлүп, өскөн, азыркы учурда Орусиянын ЦСК футболдук клубунда ойноп жаткан Ильзат Ахметовко кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын курамасына бир нече жолу чакырылып, бирок келбеген Ильхат Ахметовду Кыргызстан үчүн ойноого чакырган.

«Ильзат сени менен жакындан тааныш эмеспиз. Сенин жетишкендиктерин, оюнуң баарыбызга дем берет. Сен Орусиянын премьер лигасында өзүңдү мыкты көрсөттүн. Бирок сен жакшылап ойлон. Кыргызстан сени сүйүп күтөрүн билип ойлон. Сага Валерий Киччин мыкты мисал, ал да ойноп кетсе болмок. Мага да башка өлкө үчүн ойноого сунуштар көп болгон. Мен да Казакстан, Латвиянын жарандыгын алсам болмок. Бирок мен Кыргызстандыкмын, мен кыргызмын. Сени Кыргызстан үчүн ойноого чакырам«, -деген сунушун киргизди Байматов.

Ал мындан тышкары, Кыргызстанды Азия биринчилигинде Филиппин курамасын утуп, Азия кубогун плей-офф баскычына чыккан тарыхый жеңиши менен куттуктады.

Эске салсак,  Илзат Ахметов Чүйдө төрөлүп-өсүп, жергиликтүү клубдардын балдар командасында ойногон. Кийин мектепте окуп жаткан учурунда үй-бүлөөсү менен Орусияга көчүп кетишкен. Аны Кыргызстандын улуттук курамасына алууга бир топ аракеттер болгонуна карабай, Ахметов баш тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM