Биз менен байланышыңыз

Футбол: Виталий Люкс экинчи голду киргизди

Кыска кабар , Спорт | 16 Янв 2019 | 620 | 0

Азия биринчилигинин тайпалык үчүнчү айлампасында кыргыз футбол курамасы Филиппин өлкөсүнүн курама командасы менен беттешип жатат. Азыркы учурда эсеп 2:0.

Оюндун экинчи айланпасында тактап айтканда 50-мүнөтүндө «Ак шумкар» командасынын чабуулчусу Виталий Люкс экинчи ирет гол киргизди.

Оюндун 23-мүнөтүндө «Ак шумкар» командасынын чабуулчусу Виталий Люкс биринчи голду киргизген болчу.

Эске салсак, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда.

Кыргызстандын футбол командасы биринчи ирет катышуу укугуна ээ болду. Биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM