Биз менен байланышыңыз

Шаршеев: Орусия бере турчу жардамдын үчүнчү этабы бар

Күн чабыт | 16 Янв 2019 | 925 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматына Орусия берген техникаларды тапшыруу аземине катышты. Анда ал Кыргызстан чек ара коопсуздугу тармагында гана эмес, башка дагы кызматташтыктын маанилүү тармактарында берилип жаткан Орусиянын жардамын жогору баалай турганын белгиледи. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим боюнча жүздөн ашык техника алып келинди. Келишимдин суммасы 3 млн долларды түзөт. Макулдашуунун алкагында техникалык жана инженердик жабдуу 93%га өздөштүрүлдү.

Бул тема алкагында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев “Күн чабыт” программасында маалымат берди.

Марал: Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү ортосундагы келишим боюнча техникалар алып келинди. Канча даана жана кандай техника алып келинди, ал кандай жумашалат?

Уларбек Шаршеев: Мамлекеттик чек ара кызматы авто техника менен камсыз болду. Бул Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке мүчө болууну алкагындагы Орусиянын техникалык жардам болуп эсептелет. Бул жардам келишимдин экинчи этабы. Буга чейин биринчи этапта чек ара тозотторунун комплекстери курулган. Экинчи этапта автотехника жана инженердик техника берилиши керек эле, анын негизинде 125 даана техника алып келинди. Анын баары чек ара заставаларына, постторуна, отряддарга, башкармалыктарга берилет. Жаңы үлгүдөгү УАЗ, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу, адам ташуу, суу менен камсыз кылуучу жана башка техникалар бар.

Марал: Мындай техникалар мурун бизде бар беле?

Уларбек Шаршеев: Мындай техника негизи бизде бар эле. Мисалы, КамАЗ үлгүсүндөгү өздүк курамды ташуучу 24 орундуу унаа бар болчу. Кыш мезгилинде өзүнүн жылыткычы бар, ыңгайлуу унаа. Мындан тышкары, чек ара заставаларына жеткирүүгө атайын УАЗ үлгүсүндөгү унаа алганбыз.

Марал: Негизи Мамлекеттик чек ара кызматынын материалдык техникалык базасы бүгүнкү күндө кандай?

Уларбек Шаршеев: Толук кандуу камсыз болгонбуз. Азыр жаңы техникалар менен да бардык чек ара тозотторун камсыздайбыз.

Марал: Бул келишимдин дагы кийинки этаптары барбы, анда кандай жардам каралган?

Уларбек Шаршеев: Бул келишимдин үчүнчү этабы да бар. Анын алкагында мамлекеттик чек араларды кайтарууда колдонуучу шаймандар, техникалар менен камсыздоо жардамы берилмекчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM