Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык футболчулар Филиппин курамасы менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 15 Янв 2019 | 568 | 0

Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун тайпалык баскычындагы акыркы тур башталды. Анда «А» тайпасындагы командалардын беттеши орун алып, Бириккен Араб Эмираттары-Таиланд беттеши 1:1 эсепте аяктаса, Бахрейн курама командасы Индияны 1:0 эсеби менен утуп алды.

Бул жыйынтык аркылуу БАЭ 5 упай менен 1-орунда, Бахрейн курамасы 4 упай менен 2-орунда жана Таиланд курамасы 4 упай менен 3-орунда Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыкса, Индия курама командасы 3 упай менен мелдештен четтеп калды. Бул мелдеште алгачкы ирет катышып жаткан Кыргыз улуттук курама командасы 2 турда Кытай жана Түштүк Корея курама командаларына утулуп калган. Кыргызстан эми 3-турда Филиппин курамасы менен беттешет. Оюн 16-январда Бишкек сааты боюнча 19:30да өтөт.

Эгерде улуттук курама команда тайпалык баскычтын акыркы оюнунда Филиппинди жеңсе, плей-офф баскычына өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM