Биз менен байланышыңыз

Грек-рим күрөшүнүн чемпиондору аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 14 Янв 2019 | 673 | 0

Бишкекте 11-12-январ күндөрү, грек-рим курөшү боюнча чоңдор арасында өлкө чемпиондугу болуп өттү. Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык жалпысынан 179 спортчу 10 комплект медаль үчүн килемге чыккан.

Мелдештин жыйынтыгында чемпион болгондор: 55 кг чейинки салмактык категорияда Сулайманов Хасан, 60 кг чейин дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбеков, 63 кг категорияда Аматов Урматбек.

67 кг чейинки балбандар арасында Асангулов Нургазы, 72 кг чейинки салмактык категорияда Олимпияда оюндарынын катышуучусу, Азия биринчилигинин чемпиону Руслан Царев, 77 кг чейин Азия чемпиону, Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов, 82 кг чейинки салмактык категорияда Бейшалиев Кыдырша, 87 кг чейин Азизбеков Атабек, 97 кг чейинки салмактык категорияда Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Үзүр Жусупбеков жана 130 кг чейинки балбандар арасында Мурат Рамонов өлкө чемпиону болду.

Өлкө чемпиондугунда  байгелүү орундарды ээлеген, чемпион аталган балбандар Азия биринчилиги жана эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM