Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда пенсия алуу жеңилдеди

Коом | 8 Янв 2019 | 1441 | 0

Эми пенсия ала турган куракка жеткен жаран документтерди толтурууда азыраак убарагерчилик тартат. Тагыраагы, документтин чогултууда айрым тактоочу кагаздарды Социалдык фонд өзү тактап, башка мекемелерден суратып алат. Бирок пенсия ала турган киши өзүнө тиешелүү болгон документтерди толук тапшыруусу керек.

Абдинаби Кадыров 3 жыл мурда пенсияга чыккан. Ал учурунда кошумча документтерди толтуруу үчүн 2 айдан ашык убакыт кеткенин айтат. Тең туштарынын арасында да ошондой документ толтуруу машакатынан улам албай калгандар да бар экенин айтат.

Мен 3 жыл мурда пенсияга чыктым. Ал кезде айрым документтерди тактоого 2 айдан ашык убакыт кетип калды. Архивден такталбай, ал жакта жок болуп чыгып, көпкө кармалдык. Азыр эми көпчүлүк архивдер электрондоштурууга өтүп жатпайбы. Табууга жеңил, анын үстүнө 6 ай мурда кайрылса болот деген мүмкүнчүлүк жакшы болду. Документтерди топтогонго чейин жетишип калат.

Пенсия алуудагы жеңилдиктер 6 ай мурда кайрылуу мүмкүнчүлүгү жана кошумча тактоочу документтерди топтоо убарагерчилиги жоголот. Бирок паспорту, эмгек китепчеси сыяктуу документтер сөзсүз тапшырылышы керек. Бул боюнча Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов айтып берди.

Бул жерде жеңилдик дегенде туура түшүндүрүү керек. Жеңилдик кошумча тактоочу документтерди топтоого гана тиешелүү. Эми аларды пенсияга тапшырып жаткан жаран топтобой эле, соцфонд өзү суратып алат. Бирок паспорт, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, эмгек китепчеси сөзсүз болуш керек.

Азырынча социалдык фонд керектүү документтерди кагаз түрүндө гана суратып алып жатат. Анткени бул мүмкүнчүлүккө жараша.

Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, Абдывхап Нурбаевдер болуп бир топ эл өкүлдөрү сунушташкан. Буга чейин пенсия алуудагы бюрократиялык мамилелер боюнча жарандардан көп суроолор болгонун айткан Абдывахап Нурбаев эми бул жеңилдиктин арты менен бардык мекемелердин да электрондук форматка өтүүсүнө өбөлгө болорун белгилейт.

-Бул мыйзам долбоорун сунуштардан мурда көп суроолор келип түшкөн. Айрымдар бир пенсия алуу үчүн айлап документ чогултушат. Ошондой кыйынчылыктарды жоготуу керек болду. Азыр эми жолуна түшө баштайт. Бул бир чети электрондук форматка бардык мекемелердин өтүүсүнө да өбөлгө болот.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 648 миң пенсионер жашайт.

Copyright © 2017 Maral FM