Банктар менен Финансылык чалгындоо кызматы кардарлардын банктагы өздүк маалыматтарын берүү тууралуу бир пикирге келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда маалым болду. Кыргызстандын Банктар союзунун жетекчиси Анвар Абдраевдин билдиришинче өкмөт башчы жаңы токтомго кол койду.
«Банктар менен финчалгындоо кызматынын ортосунда мамлекеттик органдардын ортосундагы мындай резонанс жараткан ыңгайсыз жагдайларга дуушар болбоо максатында макулдашуу ишке ашты. Алдыда финчалгындоо кызматы менен актуалдуу маселелерди дагы сүйлөшөбүз деген үмүттөмүн. Ушуну менен чырлуу маселеге чекит коюлуп, компромисске келдик», — деди Абдраев.
Финчалгындоо кызматынын башчысы Гуламжан Анарбаев дагы муну тастыктап, дал ушул чуу үчүн сөгүш алганын белгиледи.
Эске салсак, өткөн аптада Мамлекеттик финчалгындоо кызматы коммерциялык банктардан кардарлардын өздук маалыматтарын талап кылганы маалым болгон. Бирок эксперттер, юристтер, Банктар союзу, Экономика министрлиги жана Улуттук банк бул талаптын мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан. Бул маселенин алкагында депутат Тынчтык Шайназаров менен “Күн чабыт” программасында маек курдук
Марал: Финансылык чалгындоо кызматынын бул кадамы канчалык мыйзамдуу болгон? Мекеме бул чечим шашылыш болуп калган деп жатат, алдын ала анализ жасалган эмеспи?
Тынчтык Шайназаров: Бул мыйзамдуу эмес. Себеби КРнын Улуттук банктар, банктар жана банктардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамынын 131-беренесине карама-каршы келет. Ал жерде талаптары так көрсөтүлгөн. Андан тышкары, ошол эле мыйзамдын 129-беренесинде банктардан маалыматтарды суроого кайсы орган укуктуу экени көрсөтүлгөн. Анда Финансылык чалгындоо кызматы укуктуу экени көрсөтүлүп турат, бирок кайсы учурда деген маселе бар? Мисалы, терроризм фактылары, мыйзамсыз легализация сыяктуу фактылар болгон учурда гана укуктуу. Ошондо да банктардан ячейка ээлери тууралуу маалыматтарды алуу үчүн козголгон кылмыш иши же жетиштүү далил болушу керек. Ошондо тергөөчүнүн өтүнүчү менен соттун санкциясынын негизинде гана кардарлардын маалыматтары алынат. Финчалгындоо кызматы өз алдынча мындай кадамга укуктуу эмес.
Марал: Ошол эле учурда Финансылык чалгындоо кызматы да мыйзамдын негизинде ушундай кадамга бардык деп, мекеменин жетекчиси бул документ коомго тарап кеткени үчүн сөгүш алганын айтууда. Бул жерде мыйзамдагы карама-каршылыктар себеп болгон жокпу?
Тынчтык Шайназаров: Биздин Башкы мыйзамдын да 12-беренесинде “менчик нерсенин кол тийбестиги бар” деп жазылып турат. Ошондуктан алар бул мыйзамдарды караш керек эле. Алар шашып кетти, бирок бул кадам туура эмес. “Шапкасын алып кел десе башын алып келбеш керек да”. Бул кызмат абалынан аша чапкандык болуп калды.
Марал: Эгер банк эсептери, ячейка ээлери тууралуу маалыматтарды банктар берсе, анын кесепети кандай болмок?
Тынчтык Шайназаров: Инвестициялык абалга, экономикага терс таасирин тийгизмек. Банктарга эч ким ишенбей калат, банктар аркылуу жүргүзүлө турчу операциялар жасалбай калат. Элдин банктарга ишеними төмөндөп, эсептерди, ячейкаларды колдонбой, нак акча менен гана иш жүргүзүп калат. Бул деген өлкөнүн аброюна да терс таарисин тийгизет, себеби Кыргызстанда банктык сыр жок экен деген сөз эле инвесторлорду качырмак.