Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылга шарият кандай карайт?

Коом | 25 Дек 2018 | 925 | 0

Исламда 2 гана күндү, тагыраагы, Курман айт жана Орозо айтты эле майрам катары эсептешет. Мындан улам светтик өлкө катары Жаңы жыл сыяктуу майрамдар жакындаганда коомчулукта эки анжы пикирлер пайда болот. Негизи бул күнгө маани берүү менен мусулман динден чыккан болобу, канткенде ширктен арылып жана ошол эле учурда исламдын күзгүсү катары көрсөтүлгөн толеранттуулукту сактоого болот? Ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.

Биринчиден, дин таануучулардын айтымында, баары ниетке жараша. Светтик өлкө болгондуктан башка бирөөгө бир башка диндин өкүлү өзүнүн ишенимин таңуулай албайт. Жаңы жыл жөнөкөй эле бир күн экенин кабылдап, жылсанактын алмашуусу катары кабыл алып коюудан ширкке кирип кетүү коркунучу жок экенин теолог Улан Усупов айтат. Бирок ал күндө аткарыла турган ишеним жөрөлгөлөрүнөн алыс болуу керектигин белгилейт.

Ширкке кирип кетпеш үчүн ниет маанилүү. Айрым учурда балдар бала бакчага, мектептердеги жаңы жылдык кечелерге милдеттүү түрдө катышыш керек болуп катышып жатышат. Бул аны динден чыгарбайт. Бирок ага ата-эне түшүндүрүүсү керек. Бул светтик майрам катары белгиленип, адатка айланып калган. Бул жерде “Майрамдабаш керек” деп айтуудан мурда коомдун, чыныгы мусулмандардын түшүнүгүнө байланыштуу. Себеби адамды тыюу менен жыйынтык болбойт. Амалдан мурда, ыйман деген нерсе бар. Эгер чындыгында түшүнсө, адам өзү эле ал нерсени жасоодон баш тартат. Ага “мындай кылган болбойт” деп радикалдуу тыюу же каршы чыгуу менен эч нерсе чечилбейт. Толеранттуулук маанилүү.

Жаңы жыл көпчүлүгүндө үй-бүлөлүк майрам катары калыптанып калган. Ошондуктан, бул күндү тилектердин аткарылуучу күнү катары кабылдабай, ынтымакка, бирге чогулууга себеп болгон күн катары эсептөөдө коркунуч жок дегендер да бар. “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Исламдагы «оорлоштурбагыла, жеңилдеткиле» деген принциптин негизинде «болбойт» деп коркутуунун ордуна аларды ынтымакка, ыйманга чакырып, бөлүнүп-жарылуудан алыс болуу керектигин белгилейт. “Мен да өсүп турган карагайды кыйганга, майрам деп шарап ичкен, башка элдин адатын туураганга каршымын» деген Кадырбеков бул күндү жыл жыйынтыгы катары кароого чакырат.

Кимдир бирөө үчүн бул күн адат. Адат менен ибадатты бөлүп кароо керек. Бул күндө «тилектер орундалат, жылды кантип тоссоң, ошондой болот» дегенден алыс болуу керек. Айрымдар үчүн бул күндө үй-бүлө менен чогулуу адат болуп калган. Бул-жакшы. Анткени ынтымак болгон жерде, ырыс болот. Өлкө өнүгөт. Ошондуктан, “бул арам-адал” деп чаташтыргандын ордуна ыйманга чакырып, туураны көрсөтө бериш керек. Тандоо ар бир кишинин өзүндө. Динде айкөлдүк, түшүнүктүүлүк маанилүү. 

Шариятка ылайык, башка диндин тарыхына барып такалган майрамды белгилөө бул туура эмес. Андыктан чыныгы мусулман катары анын маани, маңызын түшүндүрүү бул — мусулмандык милдет экенин муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бахтияр ажы Токтогазы уулу айтат.

Бул — диний майрам эмес. Бул светтик өлкө болгондуктан майрамдалат. Мусулмандар бул күндү майрамда деп чакырбайт, башка бир тууганы майрамдап жатса ага түшүндүрө алат. Бул майрам башка диндин тарыхына байланыштуу болгон үчүн майрамдабайбыз. Ар бир адамдын жеке пикири, чечимине байланыштуу. Бирок түшүндүрүү менен мусулман өзүнүн милдетинен кутулат.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө Жаңы жыл мамлекеттик майрам катары белгиленип келет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM