Биз менен байланышыңыз

Такси жүргүнчүлөрүнө кеңеш

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 731 | 0

Бул эскерткичти окуп чыгып, сиз мындай эрежелерди колдонуу менен коопсуз жана ыңгайлуу жолдо жүрүүгө мүмкүн экенин билесиз.

Биринчи жолуккан эле унаага отурбастан, расмий гана такси кызматын колдонуңуз. Айдоочу жана кардар тарабынан берилген билдирүү ишкананын системасында катталуу болот. Ошондуктан кокус бир кырсык катталса аны оңой эле табышарын айдоочу билет, ал эми жеке таксини табуу кыйынга турушу мүмкүн.

Таксиге отуруп жатканда айдоочуга жана анын жүрүм-турумуна көңүл буруу керек. Эгерде анын жүрүм-туруму шек санатса, же болбосо спирт ичимдиги жыттанып жатса, анда ал таксиден түшүп кийинкисин күтүңүз.

Жалгыз эле сапар тарта турган болсоңуз, астыңкы орундукка отуруудан баш тартыңыз. Бул учурда коопсуз жай болуп айдоочунун артындагы орундук эсептелет. Чет элдик тасмаларды эске салыңыз, анда жүргүнчүлөр дайыма арткы орундуктарга отурушат.

Айдоочуну ар кандай маектер менен алаксытпаңыз. Керек учурда жөн гана сылык жооп берип коюңуз. Жалпысынан алганда, өзүңүздү кыжыр келерликтей албай жана орой мамиле жасабай алып жүрүшүңүз керек. Жөнөкөй этикалык нормаларды жана эрежелерди сактоо коркунучту алдын алат, ошондой эле бара турган жерге коопсуз жетүүгө жардам берет.

Бул кеңешти ИИМдин Академиясынын полковниги Мундузбаев даярдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM