Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы 33 жылы

Без рубрики | 19 Дек 2018 | 956 | 0

Бишкекте мурунку депутат, саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү өттү. «Манас» кинотеатрындагы иш-чараны «Ата Мекен» партиясы жана саясатчынын тарапкерлери анын туулган күнүнө карата уюштурушту.

Ата-Мекен партиясынын лидери, абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаедин 60 жылдыгына карата “Манас” кинотеатрында атайын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Анда Өмүрбек Текебаевдин 33 жыл саясаттагы урунттуу көз ирмемдери чагылдырылган. Көргөзмөнү саясатчынын партиялаштары туулган күнүнө арнап уюштурган. Ата-Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 27 жашынан саясатка аралашкан Текебаевдин саясатта орду чоң экенин белгилеп, анын дагы жасай турган иштери көп экенин айтты.

Эгерде 27 жашынан саясатка келген болсо, быйыл анын саясатка аралашканына 33 жыл болот. Мындан ары да көп иштерди жасайт. Ал абактан чыгып, демократия үчүн, акыйкат үчүн деп күрөшөрүнө ишенебиз.

60 жылдыкка арналган сүрөт көргөзмөгө Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары, белгилүү саясатчылар, тарапташтары, үй-бүлөсү катышты. “Текебаевдин баскан жолу даңазалуу” деп баа берген экс-президент Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин абакта отурганы акыйкатсыз экенин айтып, тезирээк эркиндикке чыгуусу керек деген чакырык таштады.

Биз баарыбыз Текебаевдин күйөрманы болобуз. Ал менен далай жолду басып, жеңиштерге жеткенбиз. Бүгүн болсо мына ошол жолдогу урунттуу күндөр чагылдырылган сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Бирок мында да айрым гана учурлары чагылдырылыптыр. Өмүрбек отко, сууга карабай кечип өткөн жигиттерден. Өмүрбектин баскан жолу татыктуу, даңазалуу. Биз баарыбыз ага суктанабыз. Мен Өмүрбек сөзсүз түрдө чыгат деп ойлойм. Анын чыгышына баарыбыз көмөк көрсөтөбүз. Анын азыр камалып турганы акыйкатсыз экенин баарыбыз билип турабыз. Сүрөт таржымалын көрүп жатып, алсыздык жасап жатканыбызды билип, сезип, керек болсо уялып жатабыз.

Депутат Каныбек Иманалиевдин баамында Текебаев 30 жылдык саясаттагы жолунда бир да жолу президент болбой туруп, парламенттин символу боло алган. Ал кыргыз парламентинин түзүлгөнүн 80 жылдыгы менен Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгы удаа болуп жатканы да бекеринен эместигин белгиледи. Чындык үчүн күрөшкөн партиялашы, азыр да абакта акыйкатсыз отурганын айтты.

Акыйкат сотто дечү элек. Акыйкат азыр сотто деле жок. Акыйкат азыр Кудай тарапта гана калды. Анын далили катары Текебаевди жалган-жалаа менен каматкан кишинин жанында 5 адам болсо, азыр алардын төртөө камакта отурат. Бул Кудайдын мыйзамын эч ким буза албайт. Аны эч ким тана албайт. Текебаев 2016-жылкы конституциялык реформанын кереги жоктугун айтпады беле. Ал дагы далилденди го. Коррупция аэропортто жатат деди эле, эки жылдан кийин аныкталды го. Текебаевдин айтканын биз кээде кеч түшүнөт экенбиз.

Саясатчылар анын башынан бери акыйкат үчүн күрөшкөн мүнөзүн баса белгилеп, дал ошол мүнөзү аны таанытканын айтышты. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Өмүрбек Текебаев мектепте мугалим болуп жүргөн кезинде эле ошол кездеги системага каршы чыгып, балдардын келечеги үчүн күрөшкөнүн айтты.

Мен Өмүрбек Текебаев менен ал Базар-Коргондо жөнөкөй мугалим болуп жүргөндө таанышканмын. Биз ошондо илимдер академиясынын жаш окумуштуулары ага таң калып, суктанганбыз. Анткени ал ошондо эле компартиянын системасына, саясатына каршы чыгып, балдарды пахта тердиртпей, окуш керек деп каршы чыккан. Ошол мүнөзү менен ал эл арасында, саясатта “Текебаев” аталды. Азыр дагы ошол мүнөзү менен келе жатат.

Белгилей кетсек, 22-декабрда Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыгат. Ага «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылдын 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM