Биз менен байланышыңыз

Индиядан келген дарыгерлер гепатит жана онкология багытында кеңеш берет

Ден соолук | 18 Дек 2018 | 1502 | 0

Индиядан гепатология жана онкология багытында дарыгерлер жарандарга кеңеш берүү үчүн келди. Life medical компаниясы түзгөн мүмкүнчүлүк аркылуу Ошто 50дөй киши кеңеш алды. Ал эми Бишкек шаарында 18-19-декабрь күндөрү кабыл алат.

Гулипа айым баласына даба издеп, барбаган жери калган эмес. Уулу боорунан рак илдетине чалдыккан. Үзүлбөгөн үмүтү менен Индиядан келген гепатолог,хирург онкологдордон кеңеш алуу үчүн келишкен.

Адам башына кайгы түшкөндө баарына даяр. Айрыкча, жаның кыйналганда барбаган жериң калбайт. Балам боорунан рак илдетине кабылган. Биздин дарыгерлер бир гана жолу орган алмаштыруу дешти. Биз да эми шыпаа издеп, жакшы жаңылык угарбыз деп ушул жерге келдик. Барбаган жерибиз калган жок.

Ал эми Майрам айымдын улуу гематологияда дарыланып жатат. Азыр эми Индиядан келген адистер жаңы мүмкүнчүлүктөрдү айтарынан үмүт кылып турган кези. «Болгону 25ке эми толгон уулум үчүн үмүт үзүлбөйт»,- дейт, эне.

Уулума быйыл сентябрь айында апластикалык анемия деген диагноз коюшкан. Азыр дарыланып жатат. Жылыш бар. Бирок ошентсе да ар кайсы жактан жол издеп, үмүт кыла берет экенсиң. Айрыкча азыр көбү эле Индияга барып боорун алмаштырып жатпайбы.

Учурдан пайдаланып, чет элден келген дарыгерлерге кеңеш алуу үчүн келгендер көп эле. Алардын бири-Кенже. Жолдошу экөөсү онкологго келишкен.

-Чын-чынына келгенде, бизде мындай адистер жокко эсе. Биз да жарнамасын угуп, сураштыралы деп келдик. Негизи жолдошум жазылган. Аны менен кошо мен да кеңеш алайын деп келдим.

Чет өлкөлүк дарыгерлерден адистик кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүн Life medical компаниясы түзгөн. Медицина туризми аркылуу Түркия, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн дарыгерлерин Кыргызстанга кеңеш берүү үчүн алып келүү тажрыйбасын эки жылдан бери өздөштүрүп келет. Бул жолкусунда Индиядан KONSULT компаниясынын дарыгерлери келишти. Алардын айтымында, Ош шаарында 50дөн ашык бейтапты кабыл алууга мүмкүн болду. Ал эми бейтаптарды Бишкекте эки күн боюнча кабыл алышат. Индиядан келген гепатолог Анупам Саханын айтымында, кеңеш алууга келген бейтаптардын айрымдары боорун алмаштырууга муктаж.

Биз эки күндөн бери бейтаптарды кабыл алып, кеңеш берип жатабыз. Мисалы, Ошто мен 30га жакын бейтапты кабыл алдым десем болот. Алардын көпчүлүгү гепатитке байланыштуу. Арасында боорун алмаштырууга муктаж болгондору да бар.

Life medical буга чейин Түркиядан атайын дарыгерлерди алып келип, кыргызстандыктарга кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн. Ошондой эле алардын тажрыйбасын жергиликтүү дарыгерлер менен бөлүшүү иш-чараларын да аткарып келет. Бул тууралуу компаниянын өкүлү Алтынай Климова айтып берди.

Life medical медицина туризми менен алектенет. Биз бир канча өлкөлөрдүн эл аралык деңгээлдеги ооруканалары менен кызматташып келебиз. Айрым учурда аларды бул жака чакырып, бейтаптар менен жолуктуруу менен бирге, эгерде бейтаптар чет өлкөдө дарылана турган болсо, аларга жол жобосун түшүндүрүп, жол көрсөтөбүз.

Индиядан келген дарыгерлер жарандарды 18-19-декабрь күндөрү кабыл алат.

Маалыматка ылайык, Индиядагы трансплантация кызматы АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу 10 эсеге арзан. Ошондуктан өлкөдө жасалган орган алмаштыруу операцияларынын 30%ын чет өлкөлүктөр жасаткан операциялар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM