Биз менен байланышыңыз

Баткенде коомдук фонд балдардын сүннөт тоюн өткөрдү

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 524 | 0

14-декабрда Баткен шаарында ата-энесинен эрте ажыраган 9 баланын сүннөт тою өттү. Той коомдук фонд тарабынан уюштурулган.

Коомдук фонддун негиздөөчүсү Апызали Кочкоровдун айтымында, сүннөт тойго Баткен районунан жана шаарынан жалпы 33 бала чакырылган. Анда балдарга кышкы кийим, таттуулар таратылып, 21 баланын ар бирине 2000 сомдон берилди.

«Соопчулук иштерди кылып, балдардын көңүлүн көтөрүп, той берүү ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Иш-чарага көмөк көрсөткөн райондук мамлекеттик администрацияга, жардамга колун сунган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM