Биз менен байланышыңыз

Бишкектин «Жашылдандыруу» ишканасынын бактары күйүп кетти

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 440 | 0

Бишкек шаарынын «Жашылдандыруу» ишканасынын короосундагы куураган бактары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын нөөмөттө турган кызматкерлери маалымдады.

Маалыматка ылайык, өрт 15-декабрдын 16-декабрга караган түнү чыккан. Анда ишкананын короосуна чогултулган куураган бак-дарактар күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 бөлүм тартылып, учурда өрт чектөөгө алынган. Жабыркагандар жок.

Азырынча өрттүн эмнеден келип чыккандыгы жана ишкананын канча аянты күйгөнү аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM