Биз менен байланышыңыз

Түркия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 569 | 0

Түркиянын парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Аны «Манас» аба майданында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров тосуп алды.

Учурда Биналы Йылдырым Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушууда эки мамлекеттин маданий, экономикалык алакалары жана башка маселелерди талкуулашууда.

Андан тышкары, Йылдырымдын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

7-декабрь күнү расмий делегация «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы «Үркүндө» каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат.

Андан соң, Айтматовдун 90-жылдыгына карата Кыргыз-түрк «Манас» университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM