Биз менен байланышыңыз

Президент Санкт-Петербург шаарына барды

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 541 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Ал Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

7-декабрда мамлекет башчы Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышат.

Жээнбеков менен кошо президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Олег Панкратов, тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги атайын өкүлү Алмаз Сазбаков барды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM