Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: шамал 14 млн сомдон ашык чыгым алып келди

Коом | 4 Дек 2018 | 863 | 0

Ысык-Көлдө катталган шамалдын кесепетинен 375 турак жай, мамлекеттик имараттар зыянга учурады. Калыбына келирүү иштерин жергиликтүү бийлик жана өкмөт карап чыгары убада берилди.
Бул айдын башталышы менен Ысык-Көл облусунда катуу шамал катталып, анын жыйынтыгы миллиондогон сом чыгым алып келди. Анда 25 метр секундадан башталган шамалдын очогу Балыкчы шаарынан чыгып, бир катар социалдык мекемелердин чатырларын учуруп кеткен. Анын катарында 42 жыл мурда эксплуатацияга берилген К.Жакыпов атындагы  индустриалдык педогогикалык колежинин имараты да зыян тартты. Бул боюнча окуу жайдын коменданты Жумабүбү Сагынбаева иш сапары менен келген вице-премьер министрге кайрылды.

-Бизде шамал болгон сайын чатыр учкан көйгөйлөр көп. Канча жылдан бери жыртык тешикти бүтөп эле жабыркап келе жатабыз. Бул жолу түнү менен катталган шамал окуу жайдын шиферин жараксыз кылды. Ыйлагыдай эле болду. Анткени билим берүү министрлиги бизди толук кандуу камсыздай албайт да. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эч качан жардам берген эмес. Көӊүл буруп коюшса жакшы болмок.

Мамлекеттик бийликтен жадам суруган бул гана окуу жай эмес. Анткени шамалдын эӊ чоӊ ылдамдыгы Ысык-Көл районунда уланып, анда электр тирөчтөр, бак-дарактар кулаган. Анын ичинде Алина Ражапованын турак үйүн дүмүрлүү терек басып калып, азыр айласын таппай жаткандарын айтып берди.

Менин апам уулум менен чоӊ залда уктап жаткан. Биз болсо ашканада отурган элек. Бир маалда шамал башталып, катуу добуш чыкты. Карасак эле үйдүн шыбы, терезелеринен чаӊ чыгып, там урады. Жер титиредиби же бир нерсе куладыбы түшүнбөй шок абалда сыртка чуркап чыктык. Азыр турак жай баш калкалоого мүмкүн эмес. Биз жолдошумдун бир туугандарынын үйүндө убактылуу жашап жатабыз.

Шамалдын кесепети бул сыяктуу социалдык мекемелерден 29 имараттын, 4 мамлкеттик мекеменин, 375 жеке менчик турак жайга зыян алып келди. Бүгүнкү күндө жарандык коргоо комиссиясы зыян тарткандарды аныктап, материалдык чыгым алдынала 14 миллион 800 миӊ сомго чамалаганын эсептеп чыгышты. Анын арасында мал жандыктары да бар деди ѲКМдин Ысык-Кө облусундагы башкармалыгын башчысынын милдетин аткаруучу Тынарбек Марашов.

-Облуста шамалдагы кырсык 5 район, 2 шаарда катталды. Бүгүнкү күндө материалдык чыгымдарды жарандык коргоо комиссиясы жеринен тактап иш алып барып жатат. Турак жайлардан сырткары 40 баш майда мүйүздү мал, 1 кашар, 1 чарбалык курулуш чыгым болду.

Бул сыяктуу маалыматтарды жеринен тактап, кабар алган вице премьер министр Кубатбек Боронов эми айрым маселелер өкмөттүк деӊгээлде чечилерин убадалады. Ал эми жеке турак жайлар мамлекеттик камсыздандыруудан өтсө чыгым төлөнүп берилет. Камсыздандырылбаган турак жайга мыйзам жол бербестигин түшүндүрүп өттү.

 

 

 

 

 

 

Биз бул жакты тактап барган соӊ, атайын чечим кабыл алабыз. Мамлекеттин балансында турган имараттарды мамлекеттик органдар тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Ал эми жеке менчик турак жайлардан милдеттү түрдө камсыздандырган жарандар болсо, алар чыгымды кайтарып алууга мүмкүнчүлүк болот. Маалыматтарга ылайык, 375 кыймылсыз мүлктөн 14 гана камсыздандырылат. Калган жарандар өздөрүнүн акчасын жумшоого аргасыз болушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM