Биз менен байланышыңыз

Чаткалдын акими эл менен жолугушуу өткөрөт

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 454 | 0

Чаткал районунун Терек-Сай айылында абал туруктуу. Бүгүн, 4-декабрда райондун акими Канжарбек Эшалиев жергиликтүү тургундар менен жолугат.

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары нааразычылык митингине бүгүн, 4-декабрда кайрадан чогулат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Айдайкан Суранова «Марал» радиосуна билдирген. Анын кабарлашынча нааразылыкка Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу үч айылдын эли чыгат.

Буга 2-декабрда милиция кармап кеткен 15 баланын бошотулбаганы жана Түркиялык «Эти Бакыр Терек-сай» компаниясынын ишин токтотпогону себеп болууда.

Эскерте кетсек, Чаткалда акыркы бир айдан бери алтын чыгаруу үчүн келген Түркиялык компанияга нааразычылык токтой элек. Жергиликтүү тургундар компания жайытка элди өткөрбөй жатканын айтууда.

Бул маселе боюнча азырынча жергиликтүү бийлик эч кандай комментарий бере элек.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM