Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү шамал 14 млн 800 миң сом зыян алып келди

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 621 | 0

Ысык-Көл облусунда катталган шамалдын кесепетинен 375 турак жай зыянга учурады. Бүгүн, 4-декабрда вице-премьер министр Кубатбек Боронов чыгымга учураган мамлекеттик жана жергиликтүү имараттардын абалы менен таанышууда.

Иш сапардын алкагында Балыкчы шаарындагы 2 билим берүү имараттын учуп кеткен чатыры боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берди. Андан соң Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз району жана Каракол шаарына барат.

Эске салсак, Ысык-Көл аймгында 1-декабрга караган түнү катталган шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-29 метрге жеткен.

Келтирилген чыгымды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия алдын ала кырсык 14 миллион 800 миң сомдон ашык чыгым алып келгендигин аныкташты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM