Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортуна жетекчинин милдетин аткаруучу дайындалды

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 688 | 0

«Манас» Эл аралык аэропортунун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна аталган аэропорттон кабарлашты.

3-декабрда аэропорттун жетекчиси Эмир Чукуев кызматтан кеткен. Ал отставкага кетүү боюнча өзү арыз жазган.

Белгилей кетсек, Эмир Чукуев «Манас» Эл аралык  аэропортунун жетекчилигине 2015-жылдын апрель айында келген эле.

Мирлан Бегалиев 1966-жылы Фрунзе(Бишкек) шаарында төрөлгөн.

1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин укук таануу адистигин бүтүргөн.

1988-жылы “Киргизхозторг” базасында жүк ташуучу болуп иштеп баштаган.

1989-1993-жылдар аралыгында Бишкек шаардык прокуратурасында иштеген.

1993-2001-жылдары банкта юрист катары эмгектенген.

2001-2002-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын улук консультанты болуп турган.

2002-жылы “Эл аралык Манас аэропорту” ишканасынын юридикалык бөлүмдүн башчысы болгон.

2007-2011-жылдары аталган ишкананын аппаратынын жетектеп турган.

2011-2015-жылдары юридикалык бөлүмдү башкарган.

2015-жылдан баштап “Эл аралык Манас аэропорту” ишканасынын Бишкек филиалын жетектеп келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM