Биз менен байланышыңыз

Ош базарында өрт чыгып, кийим сатылуучу контейнерлер күйдү

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 538 | 0

Бишкектеги Ош базарынын аймагында өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, тилсиз жоо болжол менен 4-декабрга караган түнү саат 23:39дар чамасында чыккан.

Аны өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган. Ошондой эле ИИМ кызматкерлери, тазалык ишканасынан 1 водовоз тартылган. Ал саат 00:52 чамасында чектөөгө алынып, 03:31де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен кийим-кече сатылуучу контейнерлер өрттөнүп, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин «Ош базарында» 3 жолу өрт чыккан. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM