Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү май 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 746 | 0

Орусиядан кошумча нарк салыгысыз күйүүчү май ташып келүү боюнча келишимге кол коюлбаса күйүүчү май 2-3 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы кабарлайт.

Мекеменин маалыматында, 2019-жылдын 1-январынан тарта мунай затын кошумча нарк салыгы жок ташып келүү токтоп калуу тобокелчилиги бар. Эгер андай болсо мунай зат продукциялары декабрь айында 1 тоннасы үчүн 40,5 доллар салык менен келиши мүмкүн. Бул күйүүчү майдын баасын 2-3 сомго чейин жогорулашына алып келет.

Биримдик үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында 2019-жылга карата 485 миң тонна бензин, 580 миң тонна дизель отуну, 130 миң тонна авиа майын алып келүү боюнча сунуш жиберген. Бирок Орусия мунай зат продукцияларынын көлөмүн көбөйтүүгө макул болбой, 2019-жылды быйылкы жылга карата балансташтырган келишимге кол коюуну сунуштайт.

Анын негизинде 460 мин тонна бензин, 485 мин тонна дизель отуну, 100 миң тонна авиа майы, 50 миң тонна мунай алып келүү керек.

Орусия тарап бул келишимди бекитүүнүн убактысын тездетүүнү айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM