Биз менен байланышыңыз

Президент: Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ишке алынышы керек

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 823 | 0

Жумуш берүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумушка алууга милдеттүү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда билдирди. Президент ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө камкордук көрүү мамлекеттин социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыты экенин айтат.

«Коомдун ар бир мүчөсүнүн эмгеги жана кайраты өлкө үчүн керек. Турмуштук кыйын кырдаалдарга карабастан майтарылбас эркин, кайратын көрсөткөн сабырдуу жана түшүнүктүү жарандарга урмат көрсөтүп, таазим этебиз. Алдыңыздарга асыл максаттарды коюп, мамлекеттин, коомдун колдоосуна таянып, келечекке ишеним менен караңыздар», -деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 181 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын 29 миңден көбү өспүрүмдөр.

Бүгүн, 3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эла аралык күнү болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM