Биз менен байланышыңыз

Президент ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге каражат бөлдү

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 469 | 0

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн 5 млн сом бөлүндү. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буйрукка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 2,5 млн сом, Билим берүү жана илим министрлигине 2,5 млн сом бөлүндү.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 181 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын 29 миңден көбү өспүрүмдөр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM