Биз менен байланышыңыз

Салыкты терминалдар аркылуу төлөө бир жарым эсеге өстү

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 545 | 0

Быйылкы жылы перифериялык түзүмдөр аркылуу салыктарды төлөө бир жарым эсеге өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Жыл башынан бери бюджетке перифериялык түзүмдөр аркылуу 342,5 млн сом төлөм жүргүзүлгөн. Былтыр цифралар тиешесине жараша 186,8 млн сомду жана 180 миң 257 төлөмдү түзгөн.

Төлөм терминалдары аркылуу 245,3 млн сом суммасында 254 миң 519 төлөм жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, банкоматтар аркылуу 18,9 млн сом, веб-кассалар аркылуу – 68,2 млн сом, электрондук капчык – 5,3 млн сом, интернет-банкинг – 3,5 млн сом, мобилдик банкинг аркылуу – 563 миң сом суммасында төлөм жүргүзүлгөн.

Ошондой эле биринчи жолу Card reader пайдаланылып, ал аркылуу 591 миң сом суммасында 326 төлөм жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM