Биз менен байланышыңыз

Бишкекте пандустар орнотулууда (сүрөт)

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 485 | 0

Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ыңгайлуулугу үчүн пандустар орнотулууда. “Тазалык” ишканасы 11 пандус орнотту. Алар борбордогу Эмен багында, жашатр аллеясында жана башка скверлерде.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тепкичтерден көтөрүлүүсү же башка кыймылды аткаруусу үчүн пандустарды орнотуу иштери улантыларын ишканадан кабарлашты.

Бүгүн, 3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM