Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 1708 | 0

Бүгүн, 3-декабрь Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү белгиленет. Бишкек шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундабул күнгө карата ичара өтөрүн өкмөттөн кабарлашты.

1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү деп жарыялаган. Бул күндүн максаты, ден соолугунан ммүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, аларды колдоо болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө мыйзам боюнча мамлекеттик мекемелердеги эмгек жамаатынын 5 пайызын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар түзүш керек. Бирок майыптыгы бар жарандар коомдук бирикмелер, эл аралык уюмдардын колдоосу менен же өз алдынча эмгек кылып, күн көрүшөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM