Биз менен байланышыңыз

«Манас» эпосу боюнча китептердин көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 748 | 0

Бүгүн, 3-декабрда Бишкекте «Манас — дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана тарабынан уюштурулууда.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөгө «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпосторуна байланыштуу 1940-жылдан бери жарык көргөн 110 китеп жайгаштырылат. Ошондой эле эпосту кара сөз менен жазган көптөгөн авторлордун эмгектери, чет тилдерге которулуп жарык көргөн китептери да коюлат.

Көргөзмөгө жазуучулар, манас таануучулар, студенттер катышмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM