Биз менен байланышыңыз

Кочкордо Үй-бүлөлүк дарыгерлер имаратынын курулушу башталды

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 594 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында курула турган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары да катышты.

Жыйында Дастанбек Жумабеков аймактарды өнүктүрүү жылында мындай алгылыктуу иштердин аткарылып жатканы жакшы саамалык экенин айтып, мамлекет айыл жергесиндеги социалдык мекемелерди курулушуна, элдин жашоо шартын жакшыртууга өзгөчө көӊүл буруп жатканын кошумчалады.

«Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, анын алкагында бир топ иштер аткарылды. Жогорку Кеңеш да калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алды. Өлкөнү өнүктүрүүдө бийлик бутактары биримдикте иштөөдө. Борбордон алыс жайгашкан аймактарда ушундай оорукана, мектеп, бала бакчалардын пайдубалын түптөп жатканыбыз жакшы жышаан»,-деди Жумабеков.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты Катар өлкөсүнүн Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин колдоосу менен курулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM