Connect with us

Абылгазиев ФАО өкүлү Дорджи Кинлай менен жолугушту

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 792 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Дорджи Кинлай менен анын өлкөдөгү миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы ФАО өкүлчүлүгүнө адамдардын жашоо деңгээлин жана тамактануусун жакшыртууга, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү натыйжалуулугун камсыздоого көмөктөшүүсү, ошондой эле айыл жергесиндеги райондорду өнүктүрүүнү жана айыл тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууну өбөлгөлөөсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өлкөдөгү маанилүү долбоорлорду каржылоо жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн донорлордун күч-аракетин мобилизациялоодогу ФАОнун өзгөчө ролун белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишиндеги ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM