Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жарандарды эркиндиктеги жашоого даярдаган борбор ачылды

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 587 | 0

Жалал-Абад шаарындагы №10 абакта жаза мөөнөтү аяктарына жарым жыл калган жарандарды эркиндиктеги жашоого даярдаган реабилитациялык пробация борбору ачылды. Бул тууралуу  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор кечээ, 1-декабрь күнү ачылган. Анын негизги максаты соттолгон жарандар адистердин жардамы менен коомчулук менен аралашууга көмөк көрсөтүү.

Жаңы ачылган борбордо тигүүчү цех жана сүрөткана иштеп, ага жыйырмадай соттолуучу адам тартылган. Мындан тышкары бир психолог иштейт. Борбор 2019-жылы өлкөдө күчүнө кирчү «Пробация мыйзамын» ишке ашыруу максатында КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи жолу ачылган. Борборду ачууга Борбор Азияда түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык долбоор колдоо көрсөттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM