Биз менен байланышыңыз

Бүгүн “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясы өтөт

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 620 | 0

Бүгүн, 2-декабрда  Бишкекте чукул арада жардамга муктаж болгон балдар үчүн операцияга акча чогултуу максатында “Мээримдүү тыйын” аталыштагы кайрымдуулук акциясы өтөт.

Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Айдар Кубанычбеков «Маралга» билдирди.

Акциянын максаты — жаш бөбөктөрдүн жана жарандардын өмүрлөрүн сактап калуу үчүн алардын операциясына жумшалчу акча каражатын чогултуу.

Иш-чара “Дордой Плаза” соода-борборунда  саат 13:00дө башталат.

Акцияга кыргыз эстрада жылдыздары да катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM