Биз менен байланышыңыз

Аалымдар кеңеши аймактарда эл менен жолугушуп жатат

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 717 | 0

Кыргыз мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жалпы курамы 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөнүн ар бир район, шаар жана айылдарына чейин барышып, карапайым калк менен жолугушат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапар Ош облусунан башталган. Аларды өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кабыл алып, мындай жолугушуулар кеңештин иш планына ылайык жүргүзүлүп жатканына токтолгон.

Ал эми жер-жерлерде эл менен жолугушуулар жүрүп жаткандыгы коомчулук арасында айтылган бардык динге байланыштуу көйгөйлөрдөн улам пландалган. Эл арасында айтылган бардык көйгөйлөр 12-декабрь күнү Аалымдар кеңешинин жалпы курамынын катышуусундагы жыйынында каралары айтылат маалыматта. Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү коомчулук арасындагы аш-тойлордо жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырксыз чыгымдарды жоюу, жаштар арасында үй-бүлөлүк ажырашуулардын алдын алуу багытында дин өкүлдөрүнүн салымы ат көтөргүс экендигин баса белгилешкен.

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев да кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM