Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кан донорлорунун саны аз

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 614 | 0

Кыргызстанда кан донорлорунун саны аз. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева билдирди.

Анын айтымында,  бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча миң кишиге 40 донор туура келиши керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орточо алганда миң кишиге 5 донор туура келет. Албетте, бул сан канга муктаж болгон жарандарды кан жана кандын бөлүктөрү менен толугу менен камсыз кылууга жетишпейт. Совет доорунда Кыргызстанда Кызыл Ай коомунда 400 киши иштеп, үгүттөө боюнча иштер жүргүзүлчү. Совет доору бүткөндөн кийин ал кишилердин штаты кыскарып, деги эле элди үгүттөө иштери начарлай түшкөн.

Сатыбалдиева кошумчалагандай, республика боюнча жылына 40-42 миң донор кан тапшырат. Алардын арасынан 15-18%нын каны текшерүүдөн кийин жараксыз болуп калат. Ал эми учурда өлкө боюнча 3 миңден ашык ардактуу донор бар. Башында ардактуу донорлорго дарыгерлерге кезексиз кирүү, коомдук унааларда акысыз жүрүү сыяктуу жеңилдиктер каралган.

Кан донорунун дени сак, 18 жаштан 60 жашка чейинки адам болушу керек. Кан тапшырганы келгенде жарандар анкета толтурушат. Анда алты ай ичинде кандай көрүнүштөр бар, баңгизат колдонгонбу, 6 ай ичинде операция болгон эмеспи, татуировка жасаткан жокпу деген суроолор камтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM