Connect with us

Жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 511 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана аларды Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жээнбековго  Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан  Жогорку сотко 1 жана Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотуна 1, Ысык-Көл облустук сотуна 2 жана Бишкек шаардык сотуна 5 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2018-жылдын 23-ноябрында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент жергиликтүү сотторуна 5 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 4 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайра кайтарып берди. Алардын 1 — Жогорку соттун судьялыгына жана 3 — жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкер болгон.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 5 талапкер дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM